top of page

Убактылуу окмоттун кылыгына эмнеге элдер ооз ачпайсынар?7-апрель жана Ош окуясы менин козум менен...

  • Фото автора: Айым коомдук бирикмеси
    Айым коомдук бирикмеси
  • 17 мар. 2016 г.
  • 2 мин. чтения

Урматтуу окурамандар мен оппозиция да же бийликчил да адам эмесмин,эч жерде мамлекеттик жумушта иштебеймин.Бирок Кыргызстандын жараны катары олкобуздо болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап тура албайм.

2005-жылы Аксыдан башталган которулуш революция аталып Акаевдин 15 жылдык бийлиги курап,анын ордуна ошол эле Акаевдин жанында жургон ишеничтуу адамдарынын бири Курманбек Бакиев келди.Аскар Акаев илимдуу ,маданияттуу киши болгондугу учун ал киши бар убагында бир да жолу чек ара маселеси козголгон жок себеби ал киши кошуналар менен мамилени бир топ чындап дипломатиялык кызматтарда эч кими алдына салбады.

Кыргызда "бироого ор казсан терен каз,озун да тушуп калышын мумкун" деген соз бар эмеспи ошонун сынарындай андан убакыт отпой эле кайра эле ошол эле президенттин жанында жургон Бакиевдин айланасындагы адамдар аны кетиришип Убактылуу окмотту тузушту.

Бакиевди адам олтурду деп канкордукка айыпташып,ортодо эч себепсиз туш тараптан атылган октон улам 90 адамдын омуру кыйылды.Ошол кундору мамлекетибиздеги бардык адамдар аза кутушуп Бакиевдердин уй-булосун каргап жатышты.Бирок арадан аз убакыт отпой качып кеткен Бакиев:" мен аттырган эмесмин ишенбесенер карагыла менин да кабинетимде октун издери бар,мени да атууга аракет кылышты" деп сенсациялуу кабар айтты.бирок эмнегедир элдер эч ким ооз ачкан жок укпаган адамдай тур корсотушту.

Убактылуу Окмоттун башында турган адамдар олконун тагдырын оздору каалагандай

калчашты.7-апрелде "чет олколук снайперлер кармалды,биз аларды камап койдук,жакында эл алдына алып чыгабыз,Бакиевдерди алып келип жазалайбыз"деп олуктордун жанында соз берген Убактылуу окмот эмнегедир андан бери 6 жыл отсо дагы жымжырт жооп бербей келишет.Бакиевдердин кайсыл жакта жургондорун баарын билишет бирок эмнегедир алып келе алышпайт.Бакиев кеткенде дагы элдин жашоосу жыргап кетпеди аркага жылды.

Андан кийиинки Ош окуясына келсек,Бул атайын уюштурулган улут-аралык элдерди алаксытуучу чыр болгон.Себеби элдер улут-аралык чырдашып жатканда алар беймарал кызмат болуштуруу менен алек болушкан.

2010-жылы мен Ош шаарында студент убагым болчу.Эжемдин уйундо жашап,окучумун.Эжемдин магазини бар болчу ал жакта Озгон пивосун сатчубуз ар куну ар кандай адамдар келишип пиво ичип кетишет боолчу.Окуя болгонго чейин бир ай мурун ошол жерде ичип олтурган балдар "17-июнда кыргыз-озбек урушу чыгат азыр баары даярданып жатат" деген созун угуп мен аны ойума дагы алган эмесмин.Убакыт отуп 17- июнга жетпей эле 10-июнда согуш башталып кетти.Согуш болушун эч ким каалаган эмес ,илгертен ата-бабаларыбыз кыргыз-озбек-кашкар аралашып Кокон хандыгын башкарып ынтымакчылыкта жашашканы баарыбызга белгилуу.10-июнда микрафон аркылуу озбек тилинде "жихад кыргыздар озбектерди союп жатат озбек акалар согушка чыккыла Аллоху Акбар" деп жанырган унду даана уктук.Дуконду тез жыйнап уйго чуркап кеттик,бир убакта октун.атыштын ,адамдардын бакырган ундору угулуп баштады.Бизге келип кандайдыр бир адамдар "озбектер баарын кырып,олтуруп келе жатат " десе "озбек тарапка кыргыздар баарын кырып келе жатат " деген информациялар жетип турган.

Убактылуу окмот дагы Атамбаев дагы бир да берген убадасын аткарган жок! Атамбаевдин кызматка оз адамдарын койгону ошондой эле шайлоодо баарын сатып алганы тууралуу видеолор ,аудиолор чыкса да эмнегедир элдер оозн ачпайт.Себеби мамлекеттик телеканалдар аркылуу элдердин мээсин жууп тазалап,бийликтин гана созун уга турган мал кылып койгон!

Адам эмне болгон кундо да адамдык сапаты болуш керек да! Эмне учун эч киминер ооз ачпайснар же баарынарды сатып алып койдубу? Эмн учун кыргызстандын эли ачык шарт кое албайт?


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page