top of page

Баш аягы жок ,акыркы жардыруулар

  • Фото автора: Айым коомдук бирикмеси
    Айым коомдук бирикмеси
  • 14 мар. 2016 г.
  • 1 мин. чтения

Анкарада жардыруу катталып 34 киши каза болду.

Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала Анкарада ондогон адамдардын өмүрүн алган жардырууну иликтөөнү дүйшөмбүдө аяктап, бул каргашаны уюштургандардын аты-жөндөрү аталарын билдирди.

Ал бул билдирүүнү премьер-министр Ахмет Давутоглу өткөргөн министрлер кабинетинин жыйынынан кийин жасады.

Жекшембиде кечинде жардыргыч зат шыкалган автоунаа Түркиянын баш калаасында эки чоң кан жолдун кесилишинде жарылды.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Мехмет Муэззиноглу отуз адам жардыруу болгон жерде жан бергенин, дагы төртөө ооруканада каза болгонун билдирди.

Өлгөндөрдүн экөө жардырууну жасаган жан кечтилер болушу мүмкүн деп жатышат.

Министрдин айтымында, Анкаранын ооруканаларына 125 адам жарадар болуп жеткирилди, анын ичинен он тогузу оор абалда жатат.

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда болгон жан кечтилик кол салууда 15 киши каза тапты.

Жан кечтилик кол салгыч үстүндөгү бомбаны Коргоо министрлигинин имаратынын алдында жардырып жиберди.

Жарылууда 33 киши да жаракат алды. Кол салууну Талибан моюнга алды.

Кечээ эртең менен Кунар провинциясында болгон жан кечтилик кол салууда да 13 киши каза болуп, 40 киши жаракат алган.

Орус аскердик учактарынын Идлиб аймагына караштуу оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Эриха районундагы базар жерине жасаган абадан кол салуусунда 8 киши каза болуп, 28 киши жараланды.

Эрихадагы жарандык коргонуу боюнча жооптуу Абдүлкерим Ахрас берген маалыматында : «Орус учактары Эрихада базар жерин бомбалады. Кол салууда отурукташуу жеринде да абдан чоң чыгым болду. Орустар террордук уюм ДЕАШтын ордуна отурукташуу жерин абдан катуу бомбалоодо»,- деди.

Окуяда жаралангандардын райондогу көчүп жүрүүчү ооруканаларга жаткырылганын билдирген Ахрас, жарандык коргонуу топторунун бомбалоодо кулаган үйлөрдүн урандыларынын астында өлгөн жана жаралуулардын бар же жок экенине байланыштуу иликтөө жүргүзгөнүн баса белгиледи.


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page