Сакалы бардын баары эле террорист эмес...
- Баяндар
- 16 мар. 2016 г.
- 2 мин. чтения
Бан кызматкери болуп иштеген кыздын окуясы.
Түшкү тыныгууга аз калганда, мен иштеген банкка бир сакалчан байке келип калды. Мен бош болгон себебинен, менин алдыма келип отуруп “Россиядан акча келет эле, Юнистрим аркылуу” деп мага паспорту менен код жазылган кагазын сунду. Анан шаша “Эки перевод келет биринин коду аркы бетинде” деп сөзүн толуктады. Негедир анын сакалынан иренжий, көңүлүм суз, ага келчү акча каражаттарын компьютерден тактай баштадым. Билбейм эмнеге бирок сакалчан адамдарды көрсөм эле жаман көрүү сезими ойгонуп кетээр эле. Түшүнбөйм себебин, бирок ушундай бир жаман көрүү болоор эле. Анын акча каражаттарын тактап, кагаздарды толтуруп баштаганда бир тааныш бала келип менден ага керек иш кагаздарын сурап калды, тиги сакалчан байкеге азыр коё турасызбы деп, таанышымды жөнөтүп, байкенин кагаздарын колуна карматып кассага барып акча алуусун айттым. Бир убакта эле кассада отурган Нуржан эже атымды атап “Бул жерге эмне доллар деп жазып койгонсуң?” деп кыйкырып калды. Ойго чөмүлүп отурган жаным, Нуржан эженин жанына чуркап барсам, “3000 доллар деп жазып коюптурсуң, байке рубль алат турбайбы.” деди. Эмне деримди билбей кагазга үңүлдүм, карасам чын эле 3000 доллар деп турат. “Рубль деп ондоп кел!” деп Нуржан эже кагазды мага карматты. Тез арада валютасын өзгөртүп жаны кагаз даярдап байкени кол коюуга чакырдым, ал келип кол коюп жатып “Абдан көп акча берип жатпайбы кассир, абдан чочуп кеттим” деп күлүп калды. “Рахмат байке” дегенге араң жарадым. Эгерде акчаны ал киши унчукпастан алып кеткенинде жумушумда кандай машакаттар башталарын элестетип, ичимен ага ушунчалык ыраазы болдум. “Оо Кудай рахмат. Кудай рахмат.” деп ичимен эрксиз кайталай баштадым. Тиги байке акчасын алып кетип бара жатканда үнүмдү катуу чыгарып “Байке рахмат.” дедим эле, ал мени карап жылмайып “Эч нерсе эмес. Аллах көрүп турат!” деп банктан чыгып кетти. Түшкү тыныгуу убагында Нуржан эже эмне болгонун айтып берип отурду. “Эки “перевод” келген экен байкеге, биринде 4000 рубль, экинчисинде 3000 доллар деп турат. Анан байкеге кайрылып “Сом менен аласызбы?” деп сурасам “Ооба” деп жооп берди. Ичимен “доллардын курсу өсүп жатса сом менен алып эмне кылат?” деп ойлоп койдум да, кассадан акча алып, санап туруп анын алдына койдум. Байке мени бир карап, акчаны бир карап “Мен мынча акча албайм.” деп акчаны мага түртүп койду. Ичимен “Эмне мээни оорутуп жатат.” деп жиндене “Ай байке! 3000 доллар, анан 4000 рубль келет беле?” десем, “Жок, 3000 рубль анан 4000 рубль келмек. Ашып кетсе 10000 сомдой эле алам” дейт. Анан сага кыйкырбадымбы. Ушундай “честный” адамды биринчи көрүшүм, башка эме болсо жыргап акчаны алып кетип калмак да, туурабы? Тиги болсо акчаны кармабастан кайра мага түртүп жатпайбы. Ой тобоо! Анан сага эмне деди кетип баратып?” деп сурап калды. Ошондо мен ““Аллах көрүп турат!” деди эже.” деп, өзүмөн-өзүм эле туталанып, ыраазы болгондуктанбы же башка бир себептенби, айтор жылуу бир сезимдин кучагында: “Чын эле, Аллах барыбызды көрүп турат. Аллах көрүп турарына ишенген адамдар көбөйө берсин. Аллахым, Анын көрүп турарына ишенген адамдардан ыраазы болсун!”” деп ыйлап жибердим.


Comments