top of page

18 жашка чейин оспурумдорго нике кыйган имамдар эркинен ажыратылат.

  • Гулназ Мамытова
  • 16 мар. 2016 г.
  • 2 мин. чтения

18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууга муфтият уруксат берди. Мунун жанында алгачкылардан болуп баш кошуп жаткан эки жаш, аларга шарт түзгөн ата-эне жана күбөлөр да мыйзам алдында жоопко тартылат.

Ушул жылдын башында жаңы баш кошкон жубайлардын нике күбөлүгүн көрбөй туруп нике кыйган молдолорду 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Бирок, мыйзам долбоору коомчулук, айрыкча дин кызматкерлери тарабынан катуу сынга кабылып, түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам дин кызматкерлери менен бир канча жолугушуулар, талкуулар болуп мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген. Натыйжада 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду гана жоопко тартууга дин өкүлдөрү макулдугун берген. Мыйзам долборун демилгелеп жаткан депутаттардын бири Эмил Токтошев мындайча түшүндүрүп өттү.

-“Буга чейинки сунушталган мыйзам долбоорунда нике күбөлүгүн көрбөй туруп никесин кыйган молдолордун бардыгын жазага тартуу сунушталган. Дин өкүлдөрү менен кайрадан талкуу жүргүзүлгөндөн кийин, 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду гана жоопко тартуу киргизилди”.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун ырасташынча, демилгеленип жаткан мыйзам боюнча өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдо гана эмес, алгач баш кошуп жаткан эки жаш, аларга шарт түзгөн ата-эне жана күбөлөр да мыйзам алдында жооп берет.

Бул мыйзам долборунун авторлорунун бири Аида Салянова, турмушка чыккандардын 15 пайызын жаш кыздар түзөрүн белгилейт. Булар биринчиден ден соолуктан, билим алуудан жана бактылуу балалыктан ажырайт. Ошондуктан мектепке эмес, күйөөгө шашкандарды токтотуу зарылчылыгы келгенин айтат Демократия жана Жарандык коом үчүн коалициясынын өкүлү Диана Макембаева. Кыздардын эрте жашта турмушка чыгуусуна миграция, жакырчылык, диний көз караш, ата-эненин сабатсыздыгы жана балдардын үй-бүлө куруу боюнча маалыматынын жоктугу себеп болгону аныкталган. Ошондой эле айрым аймактарда “диний көз караштан” улам кыздарды эрте турмушка берүү түшүнүгү бар экендиги байкалган.

-"Жалпы республика боюнча жаш өспүрүм кыздардын турмушка чыгуулары боюнча аймактарда окуучулар арасында изилдөөлөрдү жүргүздүк. Анын жыйынтыгында ар кандай факторлор аныкталды. Көбүнчө эрте турмушка чыккандар түштүк аймакта басымдуулук кылды. Маалыматтарга ылайык, алар мектептен кийин медреселерге барышат экен. Ал жакта имамдар аларга динде эрте турмушка чыгуу керек деп пропаганда кылышат экен. Анын негизинде биз диний көз караштан улам турмушка эрте чыгышат деген бүтүмгө келдик".

Мындай туура эмес диний көз карашка же салтка байланып эрте турмушка чыккан кыздардын саны жылдан жылга өскөн. Анын натыйжасында жаш энелердин арасында оорунун жана өлүмдүн көбөйүшүнө шарт түзүлгөн. Бишкек шаардык медициналык жардам көрсөтүү борборунун башкы адиси Раиса Асылбашова, эрте турмуш курган дене мүчөсү толук жетиле элек жаш өспүрүмдөр өздөрү да, балдары да оорукчан болуп калган учурлар көп катталат”,-дейт.

-"Медицинада 18 жаштан жогору болгон учурда гана адамдын организми жетиле баштайт. Кыздардын эрте жаш курагында кош бойлуу болуусу тукумсуздукка, аз кандуулукка, бөйрөк ооруларына алып келет. Дене мүчөсү толук жетиле элек жаш өспүрүмдөр ал оорулардын кесепетинен өздөрү да, балдары да оорукчан болуп калган учурлар көп катталат. Эң өкүнүчтүүсү айрым төрөттөр өлүм менен аяктайт".

Кыргызстанда жылына 150-160 миң бала бул дүйнөгө келет. Бул балдардын ар бир үчүнчүсү нике каттоосу жок төрөлөт. Ошондой эле 15 жаштан 18 жашка чейинки кыздардын арасындагы өлүмдүн басымдуу бөлүгү да төрөт жана боюнда болуудан болот. Мындай көрүнүштөрдү токтотууга багытталып жаткан, баш кошкон жубайлар расмий каттоодон өтмөйүнчө аларга дин жөрөлгөсү менен нике кыюуга тыюу салган мыйзам учурда коомдун талкуусунда.


 
 
 

Comentarios


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page