Чырдуу Мегаком.Турмодо акыйкатсыз олтурган Алмаз Абеков.3-революция башталабы?
- Каганат
- 15 мар. 2016 г.
- 2 мин. чтения
Ушул жигитибиз жогорку деңгээлдеги профессионал эле. Мегакомду мамлекетке 5 миллиард сом салык төлөгөнгө чейин жеткиришкен. Элибиздин кайдыгерлигиненби же маалымат толук жетпегениненби айтор ушул жигитибиз төрт жылдан бери эч күнөөсү жок бүгүнкү бийликтин заказы менен адилетсиз УКМК нын СИЗО сунда олтурат. Болгон күнөөсү Мегаком сатылбасын, бул мекеме мамлекетти багып жатат дегени.
“Мегакомдун” мурдагы жетекчисинин кеңешчиси камакта жаткан Алмаз Абеков аталган компанияны сатпоо керектигин билдирип, Жогорку Кеңешке кат жолдогон. Анда ал “Мегакомду” сатпоонун негизги 3 себебин жазган. 1. Инвесторлор керектиги тууралуу “ыр” – бул миф. Инвестиция-бул ошол эле насыя. Аны “Мегаком” каалаган банктан жетекчилигин алмаштырбай деле алса болот. “Мегаком” өзүнүн инвестициялык долбоорлорун өзү каржылай алат. Болгону бир канча жыл “кан ичүүнү” токтотуу зарыл. 2. “Мегакомдун” ишин жакшыртуу үчүн аткаминерлердин оюн өзгөртүү керек. Ошондой эле А. Базаркуловду (ред-“Мегаком” компаниясынын учурдагы жетекчиси) алмаштыруу зарыл. Мейли, жаңы жетекчи гений болбосун, бирок мыкты башкаруучу болуусу зарыл. 3. “Мегакомдун” техникалык инфраструктурасы абдан күчтүү, анын базасында бир нече улуттук долбоорлорду ишке ашырса болот эле. Алардын арасында: «Электрондук өкмөт , «Ар бир мектепке », «Мегабилим», «Телемедицина» и «Телебилим» аттуу долбоорлор бар экени жазылат катта. «Азат Базаркулов, азыркы жетекчи телекоммуникация тармагында адис эмес, бизнесмен да эмес.Өзүнүн ишинде эч кандай өзгөчөлүк деле көрсөтө алган эмес. 2010-жылы “Мегакомдун” ички иштери боюнча башкаруучусу болуп, Азамат Мурзалиев камалган соң башкы директору болуп дайындалган. Ошондон баштап эле бийлик компанияда иш жакшы болбогонун айтып келет, бирок Базаркуловду алмаштырууну ойлошкон да жок”,-дейт Абеков. Эске сала кетсек, 2012-жылы январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Альфа Телеком» жабык акционердик коомундагы коррупциялык схемалар тууралуу айтып, чыгым 142 миллион сом экенин билдирген. Ошол эле жылдын май айында уюлдук компаниядан дагы 6 миллион доллар каражат оффшордук зонага кеткени маалымдалган. Ошол учурдагы башкы директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков УКМКнын тергөө абагында жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Абековго коррупциялык схемалардын башкы уюштуруучусу катары айып тагылган.

Comments