top of page

СОДАНЫ КЕНИРИ КОЛДОНУНУЗ

  • Фото автора: Айым коомдук бирикмеси
    Айым коомдук бирикмеси
  • 16 мар. 2016 г.
  • 1 мин. чтения

1- Унаада узагыраак жол жүрүүдө кыйналып ,кускуңуз келсе, анда, жаныңызга содалуу суу ала жүрүңүз. Бир литр суун кайнатып, жылуу абалында 1 чай кашык сода жана туз кошуп аралаштырып алыңыз. Жол ката бир уурттамдан ичиңиз.

2- Чачыңызды жууган шампунга бир чай кашык сода кошуп койсоңуз, чачыңыз барпайып жана таза көрүнөт. Мындан сырткары, чачыңызды боёрдун алдында чачыңызга сода сүйкөп алсаңыз, өңү жакшы кирет.

3- Килем, төшөнчөдөгү зааранын жытын эң сонун кетирет. Ал үчүн ошол жерге сода сээп эки саат коё туруңуз. Андан кийин кургак чүпүрөк менен тазалап, соңунда уксус кошулган суу менен сүртүп коёсуз. Ошондой эле кусундуну да жакшы тазалап, жытын кетирет.

4- Сода менен килемдериңизди да тазаласаңыз болот. Ал үчүн кургак килемге сода сээп коюңуз. 15 мүнөттөн кийин чаң соргуч менен тазалай берсеңиз болот. Жагымсыз жытты жакшы кетирет.

5- Ак кийимдерди бир азга содага чылп коюп жуусаңыз да, тактары кетип агарып калат.

6- Кичинекей чай чыныга сода салып, муздаткыча салып коюңуз. Андагы жагымсыз

жыттардын баарын өзүнө сиңирип алат. Аптасына бир жолу алмаштырып турасыз.

7- Ак түстөгү бут кийимдерди сода кошуп тазалап, жуусаңыз болот.

8- Кебер байлаган түтүкчөлөрдү дагы сода эң мыкты тазалайт.


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page