top of page

Мамлекеттен уй талап кылган карыянын жосунсуз жоругу

  • супер-инфо
  • 14 мар. 2016 г.
  • 1 мин. чтения

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн SUPER.KG порталына берген маалыматы боюнча, Оштогу гараждардын биринде жашаган 90 жаштагы Зейнеп Абдыкадыровага Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан пенсия чегерилет. Себеби ал карыя ошол райондо катталган. Уулу Асылбек Турдукулов менен чогуу Ош шаарында турат. Уулунун үй-бүлөсү Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында, ошондой эле ал 4 баланын атасы экени маалым болду.

Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдуллаев бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Зейнеп апа менен уулу жашаган гаражга бардык. Ал гаражды сатып алышкан экен, бирок ал жакка жашаганга болбойт. Жумабай Абдувалиев деген уулу бар, карыянын паспорту ошол уулунда экен. Ал эми Социалдык өнүгүү башкармалыгы карыяга жөлөкпул бере албайт, себеби ал өкмөттөн 4500 сом пенсия алат. Жумабай Абдувалиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө турат жана жер үлүшү, 5 бөлмөлүү үйү бар. Зейнеп апа "Бул жактагы базар бизге жакын, ошондуктан ушул жерде жашап жатам. Ден соолугум жакшы, эч кимге арызданган жокмун. Неберем экөөбүзгө шаардан бир бөлмөлүү батир беришсе, чыгып кетем" деп кетпей жатат".

Ал эми карыянын небереси Балтабай аларга эч кандай жардам кереги жок экенин билдирди. "Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Бизге эч кандай жардамдын кереги жок",- дейт Балтабай


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page