top of page

Акын ырчыларга кеп айтты...

  • Бердибек Жамгырчиев
  • 14 мар. 2016 г.
  • 1 мин. чтения

Мен бир чындыкты айтып коеюн, айтууга деле мезгил келди окшойт…Кыргызда «атын атаса куту сүйүнөт»,- деген жакшы кеп бар, менин айтайын дегеним бааланбаган эмгек тууралуу болмокчу, тактап айтканда ырдап жаткан ырчылардын сөзүн миң ойлонуп, миң толгонуп жазып берген акындардын эмгеги ар дайым ай талаада калат..же радиосунан же телесинен айтпайт, теледен жазса дагы кумурсканын изиндей кылып өлөөр өлмөксөн жазып коюшат, же ырчы өзү оңдуураак айтпайт, мен бир гана Кыргыз радиосун жакшы билем, баардык берүүлөрүндө кайсы ыр кетпесин сөзүн, обонун ,аткаруучусун дагы баса белгилеп айтып турушат, башка жеке менчик радиолордо айда жылда бир айтат, айтпаса жок, көп ырчылар оозу мурду кыйшайбай туруп түкүнчө деген ырымды ырдап берейин дешет, сөзү Ташматтыкы, Обону Ашматтыкы деп айтып койсо оозу кыйшайып, тили тиштелип калбасын өзү деле билет, радио, теле алпаруучулар да милдеттүү түрдө ырдын сөзүн жазган авторун айтып туруу керек, мен мындай нерсеге көз жумгум келбейт, жана мындай нерсени маданияттагы ээнбаштык деп айтаар элем, сөз жазууну көп жандар оюнчук катары көрүп калганына абдан тан калам, оранжировкасына келгенде 300, 400 долларлап төлөшөт, ал эми ырдын текстине келгенде: оңой эле го ,мындай эле жазып бер эми дегенде күйүп кетесиң, макул деп бекер жазып берсең же ал эмгегиң бааланбайт…Жакында эле белгилүү ырчы мен жазып берген ырды бет маңдайымда өзүм жаздым эле деп туруп ырдады, Абдылда агабыз айткандай ал эмес мен катуу уялдым..Урматтуу теле-радио алып баруучулар, сиздерден суранаарым акындардын, жана ырдын текстин жазып берген акындыкка талапкерлерлердин эмгегин таманыңарга тепсеп жүрө бербей баалап барктап айта жүрсөңүздөр, эгер авторун айтканда ден-соолугунуздарга зыян кетсе анда мен жооп берейин…Ал эми ырчылар өзүнө пайда алып келип жаткан ырдын авторун айткысы келбесе анда бети жок экендигин далилдеп жаткандагысы…


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page