top of page

Тезинен,кыздарды издейбиз!

  • Фото автора: Айым коомдук бирикмеси
    Айым коомдук бирикмеси
  • 11 мар. 2016 г.
  • 1 мин. чтения

5-март куну уйдон чыгып кеткен кыздарды 6 кундон бери бутундой Кыргызстан боюнча издеп таппай келишет.Эгер коргон билгендер болсо же шектуу кыздарды корсонуздор тезинен укук коргоочуларга билдириниздер.

"Айжан менен Мээрим жакын курбулар. Экөөнүн дайынсыз болуп жатканына 6 күн болду. 6 күндөн бери окуусуна, курбу-досторунукуна да барышкан эмес. Алар байланышка чыкпай жатышат. Мен Айжандын агасынын досу болом, агасы анын жоро-жолдош, тааныштарынын баары кыздарды издеп жатышат. Кыздардын жоголгондугу тууралуу милицияга да арыз жазганбыз. 8-март күнү шаардагы сайрандоочу жайларды кыдырып чыктык, бирок издөө иштери натыйжасыз болууда. Айжан шаарда чоң энеси менен жашачу, анын ата-энеси, туугандары Москвада жашайт. Апасы кызынын жоголуп кеткенин угуп бул жакка келген. Учурда ал өзүн начар сезип ооруканада жатат. Эгер бул кыздарды көргөн-билгендер болсо, сөзсүз кабарлап коюуңуздарды өтүнөм", - дейт А.Жыргалбекова.

Бул эки кыздын туугандары эгер кыздар үйлөрүнө кайтып келүүдөн коркуп жатышса, "аман-сообуз" деп чалып коюуну өтүнүшөт. Кыздарды көрүп-билгендер 102 же (0779) 61-80-62, (0778) 31-62-64 номурларына чалсаңыздар болот.


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page