"Пулун болсо кулунмун" же Алканов зордуктаган 13 жашар кыздын арманы...
- Айым коомдук бирикмеси
- 11 мар. 2016 г.
- 2 мин. чтения
Бул чуу башталганына 2 жылдын жузу болду,Кыргызстандагы эн бай ишкерлердин катарын толуктаган чон базар ээси Райкан Алканов ОсОО «Алканов жана компания» иш канасынын директору, «Деловой совет ЕврАзЭС – Кыргызстан» ассоцияциянын Кыргызстандагы окулу 83 жаштагы улгайган мырзаны 3 кыз анын Таластагы дачасында олтургону аракет кылышып денесине бычак сайып,оор жаракат келтиришкен.Кылмыш кылган кыздар Динара Нармамбетова ,Бегаим Турарбекова 5жылга эркинен ажыратылган.Гулнара Амангелди кызы 8 жылга эркинен ажыратылган,анын жашы жете элек наристелери бар болгонуна карабай 8 жыл беришкен.
Ушул кунго чейин элдерге тушунуксуз болуп келуудо ,бир тарап Алкановду "ар дайым жаш кыздар менен журот,аларды акчага сатып алат," деп айтышса,кээ бири "Алканов аябай жакшы боорукер ,камкор баарына жардам берген ал кыздар да акча сурап барышкан" деп айтышат.
Учурда маалымат согушу журуп жатат жеке гезит-сайттарга же жеке жуздорго бир аз каражат берсе алар туш келген адамды жактап же каралап маалымат тарата беришет.
Кылмыш кылган кыздардын бири журналисттерге томонкулорду айтып берген :Райкан Алканов 2 жыл мурун атам отуп кеткенине байланыштуу,уйубузго конул айтуу учун келип,кеч болуп кетти деп туноп кетууну суранган.Кеч кирди,апам уктап калды а мен болсо ашканада сабак кылып жаткам,бир убакта Алканов " Динара козумо дары куюп берчи" дегенинен чон атамдай болгон кишиден эч чочулабастан ал уктап жаткан болмого баргамын,бир убакта эле ал мени кармап алып тошоко басып жыгылып,зордуктап салды анда мен 13 жашта болчум.Мен ыйлап озумду жаман сезип жатсам ал мага -эмне ыйлайсын,сенин кыздык белгин бар турбайбы,азыр 5-класстын кыздарынан да чанда кезиктиресин кыздык белгиси барларды -деди.Атам каза болуп,апам кайгырып турганы учун ал кишинин зордуктаганын айткым келгени жок ал кишинин бай экенин билчумун баары бир ишти акча менен жаап коет эле".
Андан сон Алканов Динаранын айтымында аны 2 жыл бою тынч койгон эмес, ар дайым бироолор аркылуу чакыртып,ага алкаголь ичимдиктерин зордуктап берип ,ал менен жыныстык мамиледе болгон.Кылмыш болгон куну да улам кыстап виски ичирип,кыз мас болгондон кийин жыныстык мамиледе болгон.Кетээрде ага аз суммада акча сунган ,намысын акчадан бийик койгон кыз ошол жерде кылмыш кылууга аргасыз болгон.
Бул 13 жашында Алканов зордуктаган Динара Нармабетованын жалпыга кайрылып айткан маалыматы.
Ал эми ишкердин жактоочусу Юрий Скатневский "кыздардын кылмышты атайын уюштуруп кылганы далилденди,баарына оздору куноолуу "-деди. Ал эми социялдык тармактарда да бул чуулгандуу окуяга пикирин жазган адамдар коп.Алардын бири журналист Дайырбек Орунбеков: 13 жашар кызды залда зордуктап атса, уктоочу бѳлмѳдѳ апасы кантип уктап жатты?
Адилет Айтикеев журналист:
Даке, Алканов аксакалды билгендерден сурасаң. Ал киши чындап эле зөөкүр киши. Эми кадыр-баркын сыйлап, аксакал деп көз жуумп келатат да. Өзүнүн айылындагы 1992-жылы туулган кошунасынын кызын аялдыкка алган. Педофилияга жакын неме. Мен бул кыздын айтканына ишендим. Болгону буларга укук коргоо органдары көңүл бурган жок. Болбосо түнкү саат 3тө Алкановдун үйүндө жаш кыздар эмне кылып жүрөт?
Темирлан Сарлыкбек уулу ишкер :Кыз уч эжеси, байкеси, апасы менен бир эле болмо уйдо жашап жатышса кайдагы зал, кайдагы кухня, кайдагы уктоочу болмо? Алкановдой бай, дайыма таза, люкс жерде жашап жургон кишинин ото жакыр жашаган уйдо туноп калуусу мумкун эмес. Аны жакындан тааныгандыктан жакшы билем, тазалыкты, тыкандыкты ото карманган киши.
Азыркы заманда кимге ишеништи билбейсин!?


Comments