Никенин шарттары.Кошого кимге тигилет?
- Айым коомдук бирикмеси
- 11 мар. 2016 г.
- 2 мин. чтения
Бул шарттардын биринчиси - мусулман кыздын мусулман эркек менен үйлөнүүсү. Мусулман эмес эркек менен үйлөнө албайт. Үйлөнүүгө чечим чыгарар замат ыйманы кетет. Себеби, Аллаху таала: "Үйлөнүүгө болбойт”, - деп буйрук кылууда. Үйлөнгөн адам бул буйрукту моюдабаган болот. Мусулман эркек дагы ошол эле сыяктуу мушрик, динсиз аял менен үйлөнө албайт. Ал дагы үйлөнүүгө чечим чыгарар замат ыйманын жоготото (б.а., Исламдан чыгат).
Динибизде теңи менен үйлөнүү маанилүү.
Теңи деген сөз– Ханафиде текте, байлыкта, динде жана кадыр-баркта бири-бирине тең болуу деген сөз. Кыз менен эркектин дин билими, диндарлыгы, тектүүлүгү, абырою жана байлыгы жагынан тең болуулары керек. Тең болуу эркектин салих мусулман болуусу, Ахли сүннөт ишениминде болуусу, намаз окуусу, ичкилик ичпөөсү, б.а., Исламиятка баш ийүүсү жана нафаканы камсыздай ала турчу жумуш ээси болуусу деген сөз. Эркектин бир гана байлык жана мартабалууболуусун каалагандар кыздарын балээге түртүп, Тозокко ыркыткан болушат. Кыздын дагы намаздарын окуусу, тасаттурга (динге ылайык кийинүүгө) маани берүүсү керек.
Никенин экинчи шарты болсо – күбөлөрдүн болуусу. Ханафиде күбө катары акылга толгон жана балакатка жеткен мусулман эки эркек же бир эркек менен эки аялдын болуусу керек. Кичине бала менен акылсыз адамдын күбөлүгү кабыл болбойт.
Никенин үчүнчү шарты – "тийдиңби?”, "алдыңбы?” деген сунуш менен "тийдим” жана "алдым” деген кабыл кылуу сөздөрү менен келишим кылуу.
Бул үч шарт орундалса нике сахих болот. Махр сүйлөшүлбөсө да нике сахих болот, бирок, никеде махр белгилениши керек. Абалга карап махр аз же көп суралса болот. Махр берүү важиб. Пайгамбарыбыз: "Махр бербөө ниети менен никеленген адам Кыяматта уурулар менен хашр кылынат (тирилтилет)”, - деп буюрган. (Р.Насыхин)
Нике дубасы:
"Аллахуммаж’ал хазал акде маймунан мубаракан важ’ал байна-хума улфатан ва махаббатан ва карара ва ла таж’ал байна-хума нафратан ва фитнатан ва фирара. Аллахумма аллиф байнахума кама аллафта байна Адама ва Хавва. Ва кама аллафта байна Мухаммадин саллаллаху алейхи ва саллам ва Хадижа-тал-кубра ва Аиша-та умм-ил муминина радыйаллаху анхума. Ва байна Алиййин радыйаллаху анх ва Фатыма-таз-захра радыйаллаху анха. Аллахуммаа’тила-хума авладан салихан ва умран тавилан ва рызкан васиан. Раббана хаб лана мин азважина ва зурриййатина куррата а’йунин важ’ална лилмуттакина имама. Раббана атина фиддунйа хасанатан ва фил ахирати хасанатан ва кына азабаннар. Субхана раббика раббил’ыззати амма йасыфун ва саламун алал мурсалин валхамдулиллахи раббил’аламмин. Ал-Фатиха.”
Бул дубаны Пайгамбарыбыз жана бардык аалымдар, олуялар окушкан. Муну окуганда аял менен күйөөнүн ортосунда өлгөнгө чейин махабат бар болот, ырахаттык жана тынчтыкта жашашат. Үйлөрүнөн береке кем болбойт. Дубанын мааниси мындай:
"Аллахым! Бул никени мубарек кыл. Араларында жакындык, ынтымак, сүйүү жана никелеринде бекемдик насип кыл, буларды жек көрүүчүлүк, келишпестик жана ажырашуудан сакта! Аллахым! Адам алейхиссалам менен Хавва энебиз, Мухаммед алейхиссалам менен Хатижа-и кубра жана момундардын энеси Аиша энебиз, Хазрети Али менен Хазрети Фатыма-туз-Захра энебиздин ортосундагы болгон үлпөттү, жакындыкты буларга да насип кыл! Буларга салих балдарды, узун өмүр жана мол-мол ырыскы бер! Амин. Эй, Раббибиз! Жубайларыбызды жана балдарыбызды бизге куттуу кыл жана бизди Аллахка каршы келүүдөн сактангандарга жол көрсөтүүчү кыл! Эй, Раббибиз, бизге дүнүйөдө жана акыретте жакшылык, сулуулук бер. Бизди Жаханнам азабынан сакта! Кудурет жана урмат ээси болгон сенин Раббиң алар айткан ката сөздөрдөн таза. Бардык пайгамбарларга салам болсун. Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка хамд болсун.”
Comments