Кичинекей кыздын башын кесип алган бала багуучу кылмыш болгон жерде корсотмо берди.
- Айым коомдук бирикмеси
- 1 мар. 2016 г.
- 1 мин. чтения
Москванын түндүк-батышында 4 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү делген аялдын ким экендиги такталды. Ал Өзбекстандын жараны Гюльчехра Бобокулова болуп чыкты. Бул тууралуу Lenta.ru булагы кабардоодо.
Аял күйөөсү башка аял менен байланышып, көзүнө чөп салган үчүн ушундай ишке барганын айткан. Басылма маалымдагандай, жубайынын бул иши аял өзү бала багуучу болуп иштеген үй-бүлөгө кандай байланышы бар экенин түшүндүрө алган эмес.
Кармалган аял, психотроптук заттардын таасиринде болушу мүмкүн экенин "Интерфакс" булагына укук коргоо органдары кабарлашты. Россиянын тергөө комитети берген маалыматка таянсак, 1977-жылы туулган аялга соттук-психиатриалык экспертиза жүргүзүлөт.
Тергөө берген маалыматка таянсак, бала багуучу болуп иштеген Бобокулова өзү баккан кызды өлтүрүп, батирди өрттөп, кыздын кесилген башын өзү менен кошо ала кеткен.
Аялды бүгүн, 29-февралда Москвадагы "Октябрьское поле" метросундагы станциянын жанында кыздын кан болгон башын көтөрүп алып, өзүн жардыра турганын айтып коркутуп, кыйкырып жатка кезде кармашкан.
Саперлер аялдын жанынан жардыруучу заттарды табышкан жок.Каза тапкан кыздын энеси эсин жоготуп, окуя болгон жерден тез жардам унаасы алып кеткени кабарланууда.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.
ความคิดเห็น