Трикинг боюнча Россиянын чемпионатын жеңген Эрлан Жусупов!
- Эрлан Нурмамбетов
- 26 февр. 2016 г.
- 3 мин. чтения
Бирок мекендештерибиздин бул ийгилиги менен коомубуз дагы деле анчейин тааныш эмес. Коомубуз түгүл бул тармакты караган спорт жетекчилеринин маалыматы жок отурушат. Мунун көп себептери бар анын эң негизгиси алар тууралуу өз учурунда маалымат бере албаган, дежурный спорттордун айланасынан чыга албаган, жаңычылдык изденүү жок спорт журналисттери биз өзүбүз күнөөлүбүз. Мындай кайдыгер мамилеге карабастан, өз аракети менендүйнөлүк аренага чыккан бүгүнкү каарманыбыз Эрлан Жусупов менен трикинг спортундагы жетишкен ийгиликтери тууралуу маек курган элем.
- Саламатсың Эрлан. Учурда Россияда жашайт экенсиң. Кандайча келип калдың мигрант катары иш издепби же трикинг боюнчабы? -Москвага алгачкы жолу келгенде эл катары эле мигрант болуп иштегени келгенмин, грузчик болуп иштеп жүрдүм. Андан сырткары машыгууну таштабай улантышка зал издей баштадым, кудай буйруп, издеген табат демекчи спортзал да табылды. Машыга баштадым. Ал залдагы орус балдар менин деңгээлимди көрүшүп таң калышты. Ошол балдар мага мелдеш болоорун айтып, катышуумду сунушташкан. Мен сүйүнүп макул болдум.
-Катыштыңбы анан? Кандай натыйжа көргөздүң? -Ал мелдеште 1- орунду алдым, тааныш билиш арттырдым. Алар да залына чакырышкандыктан алардын да залына бара баштадым. Бирок жумасына 2 эле жолу болчу. Ал убакта жумуш менен машыгууну айкалыштыруу чындыгында мага кыйынга турду. Бирок залга барбай калсам дагы ищтеген жерден бош убакыт боло калганда машыга калып жүрдүм. Анан спорт залды акысыз кылып берип, жакшы шарт түзгөндөн тартып карьера башталды.
-Трикингте байгелүү орундарды алып суктантып жүргөнүндү угуп калабыз. Жетишкен ийгиликтерин тууралуу бөлүшсөң? -Трикинг менен жетишкен ийгиликтерим, Россиянын чемпионатын буйруган экен алдым. Жана Америка менен Россиянын командалары трикинг баттл боюнча мелдеш өткөрүшкөн. Ошондо капитан команда катары Россиянин атынан чыктым, өкүнүчтүүсү Кыргызстандын атынан эмес. Ал мелдеште жеңишти биз алдык, бул эми командалык батлл.
-Негизи ийгилик жараткан спортчуларга башка өлкөлөрдөн ар кандай сунуштар, чакыруулар болот эмеспи. Сага да сунуштар болобу биз менен иштеш деген? - Азырынча Орусияданэ ле сунушташат, бирок Америкага келип секирип чемпионатка катыш деген да сунуштар бар. А мен жумуш менен жүрөм.
-А биз тараптан сенин жетишкен ийгилигин тууралуу спорт тармагындагылардын кабары болдубу алар жардам беришеби? -Кыргызстандын спорт тармагынын өкүлдөрүнүн кабары жок, жардам да беришпейт.
-Сочиге барып “Аргонавттар” деген шоуга катышып келдиңер. Орустардын өздөрүнүн мен деген таланттары катыша албай келген “Аргонавттар” аттуу даңазалуу иш-чарага кыргызстандык дагы бир трикер Азамат экөөңөрдүн катышып келгениңер да кызык болуп турат... -Россия аймагында трикинг менен 21 шаарга кыдырууга контракт түзүп, жумасына экиден-үчтөн шаарга трикинг спорту боюнча мастер класс көргөзүп жүргөнбүз. Ошол кезде "Аргонавттар" деген цирк шоусунун кастинги өтүп жатат келе аласыңарбы деп сунушташты. Анан кастингге барсам адам аябай көп кезек жетиштин өзү эле кыйын болду. Кезегим келгенде трикинг боюнча секирип өнөрүмдү көргөзгөм. Аларга аябай жакты окшойт, ошол эле күнү менин дайын дарегимди алып калышкан болчу. Негизи ал жакка 4 трикер бала керек болуп жатыптыр. Барган 4 бала тең өткөнү менен бир трикер орус бала бутун оорутуп алып бараалбасын айтты, ошондо мен Азаматты (Абылаевди) сунуштадым. Шоунун уюштуруучулары макул болуп Азаматты алышты да ошентип аргонавтар шоусунда Сочиде 3 ай иштедик.
-Интернетте тамашоучу Зияш экөөңөрдүн мушташ кадрларыңар элдин кызыгуусун арттырууда. Бул видеону тартуу идеясы кимдики жана кандайча тартылганы тууралуу айтып берсең? -Зияштын Брюс Ли болуп жүргөн драка и съемкаларын көп көрдүм . Ошондон улам кызыгып менда тартылсамбы деп ойлоп жүргөнмүн. Бирок Зияш менен алыс эле тааныш элем. Оюмду ишке ашырыш үчүн демилгени көтөрүп, номерин таап чалдым. “Кел драка тарталы, сен жардам бер” десем макулдугун айтты. Бирок ал учурда мен Москвада болгондуктан, Зияш Кыргызстанга кел деп акыры Кыргызстанга келдим. Тилекке каршы Зияштын колу бошобой видео тарта албай калдык. Аңгыча Сочиден жумуш чыгып калгандыгына байланыштуу 3 ай Сочиде иштеп кайрадан Бишкекке келген элем. Ошондон кийин катуу кириштим окшойт. Ал болсо маани бербей эле тартабыз деп коюп жүрө берди, а мен чуркабасам тартпай каалаарымды билдим да, чалып атып тартылчу күндү белгиледик. Ал күнү мен келсем ал жок, күтүп чалсам и мына чыгып атам деп үйүнөн чыга элек экен. Ошентип Зияшты 2 саат күттүм. Акыры келди да видеодо мушташты ал койду. Мен болсо трикингти кошуп аттым болушунча, Эки күн постановка кылып 3-күнү тартканбыз, монтаж менен камера Зияштан болду.
-Азыр трикинг спорту боюнча иштеп жатасыңбы? Келечекте кандай пландарың бар? -Ооба, азыркы учурда ишим трикинг боюнча шоу жана бий, мындайча айтканда артист. План буйруса көп, азырынча ашкере кылбай эле коеюун. Убакыт көргөзөт баарын.
-Эрлан мындан 5 жыл мурун маектешкенибизде эл аралык чемпионаттарга андан ары дүйнөлүк чемпионатарга чыгам. Баары аракеттен болот дегенсиң. Аракет кылып Орусиянын жана эл аралык мелдештерди багынтыпсың эми дүйнөлүк чемпионатты пландап жатсаң керек? -Ооба, дүйнөлүк чемпионатка чыгам деп айтканмын, план бар буйруса аракет кылам барганга. Учурда иштер көп, бошобой жатам. Иштеш да керек эмеспи. Анан каражат жана виза жактардан да колдоо керек.
-Эрлан маегиң үчүн ырахмат дүйнөлүк аренага чыгып, Кыргыз желегин желбирете бер. Ийгилигиң менен жаңы спортторго такыр көңүл бурбаган тиешелүү тармактардын көз карашын өзөртүүңдү каалаймын.
Кымбаттуу спорт күйөрмандары, окурмандар Эрландын убактысы тардыгына байланыштуу көп суроолорубузга жооп ала алган жокпуз. Буюрса дагы маек курабыз деген ишеничтебиз. Ал эми сөз соңунда айтаарым мынакей кыргыздын жаш эле жигиттери өз аракети менен дүйнөнү багынтып, кыргыз трикингин көтөрүп жатышат. А бирок негедир спорт тармагы жаңы спортторго эч көңүл бурушпайт. Аларга мезгил талабына ылайык иш алып барууну, өсүп келе жаткан муунду колдоону сурааар элем.

Comments