Поиск
Ош мэринин эжеси канча сом айып пул толоду?
- Айым коомдук бирикмеси
- 26 февр. 2016 г.
- 1 мин. чтения
Кечээ 24-февраль күнү Ош мэринин эже Кадырбаева Заркөкүл Тентибаевна МАИ кызматкерлерине баш ийбей кетип калган видеосу интернетте кызуу талкууланган эле. Бүгүн ал айымга айып пулу салынганы маалым болду.
Ош шаарынын тургуну, шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин бир тууган эжеси Кадырбаева Заркөкүл Тентибаевнага унаасынын айнегин караңгылатып алганы үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кайгуулчулары тарабынан 2020 сом айып пул салынды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда маалымат таратты.


Comments