Поиск
Оштун кожоюну ким?
- inter.kg
- 25 февр. 2016 г.
- 1 мин. чтения
Бул тууралуу Turmush маалымат агенттигинин кабарчысы Азамат Абсатаров аталган сайтка видеосу менен бирге жарыялады.
Анда кечээ, 24-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин бир тууган эжеси Заркөкүл Кадырбаева айнеги караңгылатылган «Лексус» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткандыктан, Ош ШИИБдин жол кайгуулчулары тарабынан өтүп жаткан рейд учурунда токтотулганы, бирок, мэрдин эжеси милиция кызматкерлери тарабынан түзүлгөн протоколго кол койбой, «Каалаганыңарды кылгыла!» деген жооп менен унаасын айдап кеткени жазылат.
Кабарчынын айтымында, З.Кадырбаеванын айдоочулук күбөлүгү ЖКК кызматкерлери тарабынан күбөлүгү алынды.
Comments