Дуйнодо аты чыккан суроттордогу айымдар кимдер болгон?
- Ledi.kg
- 25 февр. 2016 г.
- 3 мин. чтения
Леонардо да Винчи "Мона Лиза", 1503-1519-жж.
Бардык замандын эң белгилүү жана табышмактуу портрети - италиялык белгилүү сүрөтчү Леонардо да Винчинин сыйкырдуу кыл калеминен жаралган Мона Лизанын портрети. Табышмактуу жылмаюусу канчалаган адамдардын башын катырган Лиза дель Жокондо жибек саткан флоренциялык Франческо дель Жокондонун аялы болгон. Уулунун төрөлгөнүнүн урматына Франческо картинаны атайын буйрутма менен тарттырган. Күйөөсү менен биргеликте Лиза беш баланы тарбиялап, өстүргөн. Жолдошу чумадан каза болгондо бул оор илдет Лизага да жукканы белгилүү болгон. Ошондо кыздарынын бири апасын өз колуна алып ага кам көрүүгө батынган. Ошентип, Мона Лиза дарыланган соң дагы бир канча жыл жашап, 63 жашында бул дүйнөдөн өткөн.

Б. М. Кустодиев «Чай үстүндөгү көпөс айым», 1918-ж.
Бул сүрөттө көпөс айымды Галина аттуу айым ойноп берген. Астраханда Галя Кустодиевдерге 6-кабатта кошуна жашаган. Жолдошунун бул айым аркылуу ийгиликтүү эмгек жарата аларына көзү жеткен сүрөтчүнүн жубайы Галяны үйүнө ээрчитип келген. Бул учурда Галина өтө эле жаш, медициналык факультеттин 1-курсунун студенти болгон. Окууну аяктаган соң бир нече жыл хирург болуп иштеп, андан кийин кесибин таштап салган. Советтик жылдарда орус хорунун курамында ырдап жүргөн, ага катар тасмаларда үн коштогон, кийин турмушка чыгып циркте иштеп калган.

Огюст Ренуар «Актриса Жанна Самаринин портрети», 1877-ж.
Француз живописчиси жана скульптору Огюст Ренуардын каарманы актриса Жанна Самари театрдын жылдызы боло алган эмес, ал көбүнчө үй кызматчысынын ролун ойногон. Анткен менен башка жагынан атактуулукка жеткен. Актриса бир убактарда Ренуардын өнөрканасына жакын жерде убактылуу жашап калган. Ошондо сүрөтчү байма-бай көрүп калган бул айымды картинага түшүрүүнү чечип бир жылдын ичинде анын төрт портретин тарткан. Жанна спектаклдерде 18 жашынан баштап ойной баштаган. 25 жашында турмушка чыгып, үч бала төрөгөн. Балдарга арналган бир китептин автору. Тилекке каршы, бул ажарлуу айым узак жашаган эмес, 33 жашында келте оорусунун бир түрүнө кабылып каза болуп калган.

Карл Брюллов «Атчан айым», 1832-ж.
Бул картинада эже-сиңди Пачинилер тартылган: улуусу – ат минип турган Жованина, кичүүсү – аны карап турган Амацилия. Карл Брюлловго картинаны кыздардын бакма апасы Юлия Самойлова буйрутма менен тарттырган. Ал Орусиянын ошол кездеги эң сулуу айымдарынын бири жана эбегейсиз байлыктын мураскери болгон. Кыздарына кийин көп мүлк берүүгө кепилдик бергени менен картайган учурда жакырланып калган. Ошондо Жованина менен Амацилия убада кылынган мүлктү сот аркылуу бакма апасынан төлөтүп алышкан.

Леонардо да Винчи «Арс чычкан кармаган айым», 1489-1490-жж.
Чечилия Галлерани италиялык бардар жашаган үй-бүлөнүн кызы болгон. 10 жашында аны кудалашып коюшкан эле. Бирок кыз 14 жашка келгенде белгисиз себептерден улам убада бузулуп Чечилияны кечилдер үйүнө жиберишет. Ошол жерден ал миландык герцог Людовико менен таанышат. Экөөнүн ортосундагы мамиле күч алып, Чечилия кош бойлуу болуп калганда герцог аны өзүнүн сепилине алпарып жайгаштырат. Герцогдун аялы күйөөсүнүн ойношун, албетте, жактырбайт. Андан улам жаңы эле төрөлгөн баласын алып калып, герцог Чечилияны жакырланган графка аялдыкка берип коёт. Графтан төрт бала төрөйт. Чечилия 63 жашында каза болгон.

Ф. С. Рокотов «Струйскаянын портрети», 1772-ж.
Бул картинада бизди карап турган айым Александра Струйская 18 жашында абдан бай кишиге турмушка чыккан. Жолдошу өмүр бою аялына арнап ыр жазып жүрүп өткөн. 24 жылдык никеде Александра 18 бала төрөсө, алардын 10у ымыркай кезинде чарчап калган. Жолдошу каза болгондон кийин бул айым дагы 40 жыл жашап, күйөөсүнөн калган байлыкты чыпчыргасын коротпой балдарына тең бөлүп берген.

В. А. Серов «Князь айым Зинаида Юсупованын портрети», 1902-ж.
Княздардын тукуму Юсуповдордун мураскери Зинаида өзү тандап сүйгөн адамга турмушка чыгууну тилек кылчу. Тилеги орундалып ал үй-бүлөлүк турмушта бактылуу жашаган, эки балалуу болгон. Бул айым көп убактысын жана күчүн кайрымдуулук иштерине жумшаган. Сүйүктүү уулу болгон улуусу дуэлде каза болгондо 47 жаштагы Зинаида үчүн бул жоготууну көтөрүү абдан оор болгон. Ушул окуядан кийин Петербургду таштап Римге көчүп кетип, ошол жакта отурукташып калышкан. Күйөөсү каза болгон соң кичүү уулунун колуна Парижге келип, өмүрүнүн аягына чейин ошол жерде жашаган.

Сандро Боттичелли «Венеранын төрөлүүсү», 1482–1486-жж.
Боттичеллинин бул картинасындагы жылаңач айым - Симонетта Веспуччи. Ал бай үй-бүлөдө төрөлүп, 16 жашында турмушка чыккан. Симонетта ошол кездин эң сулуу айымы болгондуктан Флоренциянын бир дагы мырзасын кайдыгер калтырган эмес. А түгүл, Флоренциянын башчысы да кызды жандоого аракет кылган. Мындан тышкары Симонетта ошол доордун дээрлик бардык сүрөтчүлөрүнө эргүү берген. Алардын бири Сандро Боттичелли да бул айымды өтө көп жолу тарткан. Симонетта 23 жашында эле күчтүү дарыгерлердин күрөшкөнүнө карабай кургак учуктун айынан көз жумган. Андан кийинки сүрөттөрүндө сүрөтчү аны эсинде калганы боюнча эле тартып жүргөн. Өлгөндө өзүн Симонеттанын жанына коюусун керээз кылган. Кийин ал керээзи аткарылган.

Comments