Жаш ишкер.
- Мирбек Асаналиев
- 24 февр. 2016 г.
- 2 мин. чтения
Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында 19 жашында бизнес баштаган Бектен Кадыров 24 жашында айылдык кеңешке депутат болууга жетишкен. Биздин бүгүнкү «Мыкты инсан» рубликасынын кезектеги коногу Бектен Кадыров болмокчу.
Бектен Солтобекович 11-август 1988-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. 1996-жылы Жумгал районунун Чаек айылындагы «Т.Турсунбаева» атындагы орто мектепке кабыл алынып, 2006-жылы аталган мектепти аяктаган.
2006-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин юридикалык факультетине тапшырып 2012-жылы юридикалык кесип болгон «Юрист» кесибин алып чыккан.
Иш тажрыйбасына токтолсок. 2007-2010-жылдары жеке ишкер. Жумгалга биринчи болуп уюлдук байланыш дүкөнүн ачып, андан сырткары уюлдук телефондорду ремонтоо жана башка кызматтарды көрсөтө баштаган. 2010-2012-жылдары «Beeline» сотовый компаниясынын Кочкор-Жумгал райондору боюнча район аралык адиси.
2012-2014-жылдары «ЛАРК Жумгал» коомдук фондусунда юрист болуп эмгектенген. 2012-2016-жылдын 4-мартына чейин Жумгал районунун Чаек айылдык Кеңешинин депутаты болуп коомдо кызмат кылып келүүдө.
2014-жылдан азыркы убакытка чейин «ЛАРК Жумгал» коомдук фондусунун директору.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Жубайы, Ширин Кулова үй кожойкеси. Атасы, Солтонбек Кадыров Беш-Терек айылынын орто мектебинин директору, апасы Гүлнара Алыбаева Чаек айылынын Т.Турсунбаева атындагы орто мектебинде башталгыч класстын мугалими. Агасы, Арстан Кадыров район акиминин биринчи орун басары. Эжеси, Назгүл Кадырова Кочкор районунда насыя берүү компаниясында иш алып барат.
Депутат болуу сиздин бала кезде кыялыңыз беле?
Бала кезимде врач болгум келчү а депутат болуу менин оюма кийинчереек ЛАРК Жумгал коомдук фондусунда юрист болуп иштеп жүргөн учурда жана депутат болуу мен үчүн абдан чооң жоопкерчилик экенин сезгенде кыялдандым.
Учурдагы айылдагы көйгөйлөр кантип чечилет?
Айыл тургундары көйгөй чечүү үчүн айылдык депутаттарга кайрылышып, айылдык депутаттар айылдын көйгөйлөрүн Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында жана айыл өкмөтүндө чечишет.
Жаштардын кызматка келбей жатышы сизди ойлондурабы?
Ооба албетте ойлондурат. Анткени өзгөчө айыл жергесинде жаш сабаттуу кызматкерлер жетишпейт. Мисалы: райондук ооруканада, мектептерде, бала бакчаларда, жана башка ушуга окшогон мекемелерде. Анткени жаштарга орун жок же болбосо айлык маянасы абдан төмөн болгондуктан билими бар сабаттуу жаштар келбей жатат.
Үйдө кандай кожоюнсуз?
Кожойюн катары мен өзүмдү эмгекчил, табышкер, сакчы, шайыр жана уюштургуч көрөмүн. Үйдө балдарым мени дайыма жумуштан барганда күтүп турушат. Келинчегим мени көтөрмөлөп, сыйлаганынан кайтпайт.
Жашоо өзү эмне, анын сырын, ыгып билип жашаш керек дегенге кандай карайсыз?
Жашоо ар бир адам үчүн берилген сыноо деп ойлойм. Жашоонун сырын жана ыгын билип жашаганга жакшы карайм, бирок жашоо биз ойлогондой болбойт экенинин унутпаймын жана ар бир инсан жашоонун ысыгы менен суугуна чыдап, жыргалына, берекесине, байлыгына көппөш керек.
Келечекте кандай пландарыңыз бар?
Келечекте пландарымдын ээң маанилүүсү бул ата энени сыйлоо, бекем үйбүлөө жана ден-соолукту чыңдоо, андан кийин өзүмдүн бизнесимди чоңойтуу, элдин көйгөүн чечүүчү адам болуу. Иштеген ишимде даражамды жогорулатуу жана башка көптөн өй тилек, пландарым бар.
Бизнес — дегенди кандай түшүнөсүз, жаштар бизнес кылса болобу?
Бизнес деген мен үчүн бул жакшы ойлонулган, кеңешилген, каражаты бар иш план деп түшүнөм. Жаштар бизнес кылса албетте болот бирок чыдамкайлык жана эмгекчилдик керек, анткени убакытты жана каражатты талап кылат.
Жумгалдыктарга жана шайлоочуларга болгон каалооңуз?
Жумгалдыктарга жана Чаек айылынын тургундарына кааларым; чын ден-соолук, бекем ынтымак, жарык маанай, колдоруна береке, жүрөктөрүнө ыйман, иштерине албан ийгиликтерди АЛЛАДАН тиленип тураарымды билдирем.
Маегиңизге рахмат. Сизге да ден-соолук, ишиңизге ийгилик каалайбыз.
Маектешкен журналист Мирбек Асаналиев.


Comments