Поиск
Айсулуу Тыныбекова азыркы Кызсайкал.
- Кабарлар Кыргызстан
- 22 февр. 2016 г.
- 1 мин. чтения
Бангкокто (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча, 58 килограмм салмакка чейинки категорияда биринчиликти багынтып, алтын медалга ээ болгонун мелдештин расмий сайты маалымдады. Анда айтылгандай, Айсулуу финалдык мелдеште казакстандык атаандашы Айым Абдилина менен кармашып, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Финалга чейин Кореянын, Индиянын жана Монголиянын балбан кыздарын жеңилүүгө аргасыз кылган.

Comments