top of page

Москва шаарыда КРнын ИИМ окулу Аскат Алиев "патриоттор" тууралуу оз оюн билдирди.

  • Аскат Алиев
  • 20 февр. 2016 г.
  • 3 мин. чтения

Урматтуу мекендештер !!! Акыркы кундору коомчулукта кызуу талкуу жараткан «патриоттор» тууралу, мен дагы озумдун оюмду айтууну тура кордум. Албетте араныздарда менин оюмду колдогондор да, туура эмес коргондор да болот, бирок мага жеке коптогон мекендештерибиз кайрылгандыгына байланыштуу оюмду ортого салууга туура келди. Жанылбасам 2012 жылдан бери, интернет тармактарында ушул кунго чейин бир нече Орусияда жургон мигрант кыргыз кыз-келиндерин, озулорун патриотбуз деп аесуз ур-тепкиге алып, кордоп, айрымдарын жыланачтап чечинтип, электрошокер, бычак колдонуп мыкаачылык кылып, сурака алган, тобо чачты тике тургузган видеотасмалар тилеке каршы болуп жатат. Бул фактылар боюнча коомчулукта резонанс болуп, кызуу талкуу жаратып келет. Кээ бири ошол патриот атын жамынгандарды мактап,жактап,колдоп Кыргыз Эл Баатырына тенесе, тескерисинче кээ бири каргап шилеп, айбанга тенегендери да бар. Ал бетте мен ата катары, кыргыз жигити катары баса белгилеп айта кетсем,кыргызымдын кыз-келиндеринин туура эмес жолдо жургонун мен да колдой албайм. Акыркы 10 жылда миграциянын айынан жана башка коптогон себептер менен кыздарыбыз жарытылуу тарбия албай, жогорку билимди айтпайын, орто мектепти бутпой, турмуштун ачуу –таттуусун биле элек секелек кыздар Орусияга жумуш издеп келип, турмуш сыноосуна туруштук бере албай сынып, ошол эле озубуздун кыргыз жигиттеринин, тажик, озбек, кафказдардын оюнчугуна айланып жаткандыгы катуу окундурот. Ал эми биз патриотпуз деп кокурогун кагып жургон кыргыз жигиттеринин, жогоруда айтылган мыкаачылык жоруктары окундурбой койбойт. Мен, так ушул патриотпуз дегендер жонундо айтсам, булар патриот эмес, булар кылмыш кылып жатышыт. Патриот-патриот эле дейбиз… Патриот деген- оз ата мекенине берилгендик, мекенин чексиз суйуу жана оз мекени учун ар кандай баатырлыка жана курман болууга ар дайым даяр тургандык деп ойлойм. Анан башка элдин жеринде мусаапыр болуп, кор болуп жургон алсыз кыздарды ур токмоко алып, мазактап, кордогондорду ким жана эмне дейбиз!? Патриот деп алыс кетпей эле мына ушул Москвада ак эмгек кылып иштеп, спорт менен машыгып, ар кандай эл аралык, улуттар аралык мелдештерде кыргыздын желегин желбиретип намысыбызды ойдо которгон жигиттерибизди айтсак болот. Мына ошондой жигиттерди машыктырып, туура эмес жолдон алыстатып тарбия таалим берип жургон жигитерибиз Айбек Аббас, Кубанычбек Осмонбеков, Нургазы Амиракулов жана башка ушуларга окшогон мекендештерибизди, жана ошондой эле Талант Баев ге окшогон ишкер азаматтар Москвада эмгек кылышып каражат таап, оздорунун алыскы айылдарына барып мектептерди курганга салымын кошуп, жаны копуроо, спорт залдарды куруп, зангыраган мечиттерди салган эр азаматтарыбызды кыргыздын патриоттору дебей ким дейбиз . Мына жакында Москва шаарында метродон поездин алдына, бей тааныш тааныбаган адамдын омурун сактайм деп, оз омурун тобокелге салып секирген кыргыз жигити Марат Исаев баатырлык кылды деп мамлекетибиз жана коомчулук тааныды… Деги эле патриотизм деп айта берсек коптогон жакшы мисалдар бар. Мына мен бир жылдан ашык убакыттан бери тикеме (непосредственно) Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россиядагы окулу болу кызмат отоп келе жатам. Ошол практикада коптогон озубуздун жарандардын ар кандай оор жана ото оор кылган кылмыштары учун орус кесиптештерибиз менен биргеликте, кылмыш жообуна тартуу максатында иштерди алып барабыз. Ушул патриот терисин жамынгандарга окшоп, мусапыр болуп четте жургон мекендештерибизди, опузалап, тоноп, карактап, зордуктаган, олтургон жарандарыбызды копторун камадык. Ошолордун канчасы кармалганга чейин жабырлануучуларды бала-чакасына чейин коркутуп, сабап кыйын болгон жигиттер кылтака илинип, колуна кишен салынып, темир торго кирип баратканда кечээ эле арстан болуп жаткан жигиттер козунду карап жалдырап байкелеп, акелеп айылдагы эстебеген апасын эстеп, балдарын эстеп, коздорунон жаш тегеретип, мага бир шанс берип коюнуз эми, мен бул жерден чыгып эле айылга апамдын жанына барам, экинчи кылмыш кылбайм деп карганганда боорун ооруп койберип ийгин келет… Бирок тилеке каршы андай болбойт. Тескерисинче 10-15 жылга эркинен ажыратылып соттолуп кетет. Мына ушуларды элестетсениздер эми, жабырлануучулар оздору кармап алып токойго алып барып жогорудагы патриот сооройлор кылгандай кылып мазактап эркектик, жигиттик намысына тийгендей иштерди кылып анан видеотасмага тартса кандай болот эле… Ошон учун баардык маселелер укук талаасында, мыйзам чегинде чечилиш керек. Окумсуздук (самосуд) кылуу бул жапайычылык. Ошондуктан урматтуу мекендештерим, дагы кимдин оюнда кезектеги жапайычылык кылуу боюнча ою болсо ойлонунуздар…. Али кеч эмес. Эми акыркы устубуздогу жылдын 15 февралындагы эки кызды кордогон видеотасма боюнча аз кундо расмий маалымат беребиз. Сиздерди урматоо менен Аскат Алиев!!!


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page