АшимТагаев -Баткен ОИИБнин башчысы.
- Айсалкын Эргешбай кызы
- 20 февр. 2016 г.
- 1 мин. чтения
Кыргыз Республикасынын Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Тагаев Ашим Гапаровичдин демилгеси менен эки элдин ортосундагы достугун жана биримдигин сактоо боюнча Ходжент шаарында кичи футбол боюнча оюн откорулду. Оюнга Согди ОИИБнан бир команда жана Баткен ОИИБнан бир командабарып катышты. Бул спорттук иш-чарага Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаевдар, Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Шерали Назаров,Согди областынын облустук прокурору Хабибулло Вахидов, Худжант шаарынын торагасы Раджобой Ахмадзодалар ал эми биз тараптан ЖКнын экс депутаты Алишер Абдрахманов, да катышты. Алгач созду Ш.Хайруллаев суйлоп, эки элди достукка, ынтымакка чакырып кетти. Оюн Таджик Республикасынын Ходжент шаарынын спорт сарайында болуп эки элдин ортосундагы достугу женди. Эки куч кызматынын жетекчилеринин макулдашуусунун негизинде мындан ары ушундай спорттук иш-чаралар бир эле милиция кызматкерлеринин ортосунда эмес, Таджик Республикасы менен чектеш аймактарда жашаган айыл жаштары, жергиликтуу жетекчилер, айыл аймактар арасында да узгултуксуз уланып турмакчы болду. Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев оз созундо “Спорт-бул ден соолуктун булагы, спортко болгон мамиле кылмыштуулуктун алдын алат, ар бир инсандын дени сак болушун каалайм” деп баса белгилеп кетти. Эске сала кетсек, буга чейин эки олконун ички иштер органдарынын жетекчилери байма-бай жолугушуп эки тараптуу келишимдердин негизинде эки тараптуу кызматташтыкты колго алышкан.

Comments