top of page

Абдышүкүр Нарматов: “Москвада мигранттар менен жолугушуу биз күткөндөн да мыкты болду”

  • kabarlar.kg
  • 20 февр. 2016 г.
  • 2 мин. чтения

14-февраль күнү дин аалымдары Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматов Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушуу өткөрүп, аларды кызыктырган диний жана турмуштук суроолорго жооп берди. Жолугушууга 15 миңдей адам чогулган. Жыйын Орусия баш калаасында былтыр жаңы ачылган 10 миң кишилик борбордук мечитте өткөн. Мечитке эл батпай, тосмолорго чыгып дин аалымдарынын сөздөрүн уккандар болгон. Дин ишмерлери менен болгон жыйынга аялдар да келип катышкан.

“Чубак ажы муфтий кезинде, биз КМДБ жана Орусиядагы муфтийлер кеңеши Равил Гайнудин менен меморандумга кол коюлган, Москва облусунун муфтийи Эльдар Хазиреттин демилгеси, Аалымдар кеңешинин пландаштырылган иш сапары болду. Бизге ушундай жолугушууга жакшы шарт түзүп берген уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Сапарыбыздын максаты мигранттардын ал-акыбалын суроо жана алар менен саламдашуу эле. Кудайга шүгүр мөмөсү биз күткөндөн да жогору бооду десем болот. Мечит 10 миң кишилик болуп салынган. Мисалы биздин лекция саат бирде баштала турган болсо, саат он экиге чейин эле мечиттин ичи толуп, элдер сыртында калып кетти. Жалпы эсеби менен он беш миңден көбүрөөк эл болгондугу айтылып жатат”.

Жолугушуу негизинен Москвадагы мигранттардын ал-акыбалын суроо ошондой эле, материалдык эле эмес, руханий жактан да азык берүү максатында болгон. Аалымдар жолугушууга келген элдин суроолоруна жооп берип, туура эмес диний азгырыктарга алданбоого, алардын мыйзамын сыйлоого, маданияттуу жүрүүгө, мусулмандарга сөз тийгизбөөгө, ата-энеден кабар алып турууга, аял затын сыйлоого, үй-бүлөгө көңүл бурууга, каниеттүүлүккө чакырды.

“Биз ал жерде үй-бүлөгө бекем болгула, аялдар күйөөңдөрдү ыраазы кылгыла, эгер Пайгамбарды чындап сүйсөңөр аялыңарга кол көтөрбөгүлө, Пайгамбар ар качан аялдарын сыйлаган, урматтаган, кадырлаган, барктаган, ошондуктан никеге алган аялыңарды тамак-аш, кийим кече менен адал камсыз кылгыла деген темага токтолдук. Дагы бир токтолгон темабыз беш убак намазыңардан, туткан орозоңордон тышкары, ата-энеңерге жакшы мамиледе болгула, дайым телефон чалып, кабар алып тургула, мындан сырткары көптөгөн мусулман мамлекеттерде биздегидей эгемендик жок, буга шүгүр кылууга, ошончо улан –кыздарыбыз иштеп жүргөндөн кийин, Россиянын мыйзамдарын сыйлоого чакырдык. Дагы бир жакшысы Орусияда жүздөн көп дарыгерлерибиз бар экен. Ашканаларда администратор болуп иштегендер бар. Көчө тазалап, шпыргандар азайып калган. Менин айтайын дегеним ошолордун ийгилигине кубанат экенсин”.

Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр Нарматовду Кыргызстан мусулмандарын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү чакырган. Москва муфтиятынын өкүлчүлүгү жолугушуу иш-чараларын мындан ары да уюштуруп турууга ниеттенүүдө.

“Бул масштабдуу жолугушуу биринчи жолу эле болгон жок. Бул көптөгөн жылдардан бери болуп келе жаткан иштердин мөмөсү. Ошол эле кезде мөмөлөрдүн катарында албетте биздин барыбыз сыймыктанган, Орто Азияда эле эмес, Ислам ааламында башы көрүнүп калган Чубак ажыдай аалымыбыздын да өзүнүн кадыр-баркы, элдин сый-урматы деген маселе. Эң нигизгиси инсандар кайдыгер болбостон, мисалы тыйын – тыпыр таап атат, турмушу жакшы жылып атат, ошол эле кезде булар баягы руханий муктаждык, рухту азыктандыруу үчүн келишти. Алардын арасынан алыстардан келгендери болду. Андан кийин бактылуулук акчада же жумушта эмес, туура багыт, руханий бир азык алайын деп келген ошолордун муктаждыгы”, деди Абдышүкүр ажы.


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page