Москвадагы Кыргыздын азаматтары.
- Айым коомдук бирикмеси
- 19 февр. 2016 г.
- 2 мин. чтения
Москва шаарында акыркы убакта кыргыздын алсыз эркектери кызуу талкууга алынууда,оздорун патриот деп атаган жигиттер беттерин корсотпой Москва шаарындагы кыргыз кыздарын тарбиялаганы аракет кылып жатышат.Кыргызстандагы мекендештерибиз Москвадагы эркектерди эстегенде эле уройлору учуп «патриотторду» элестетишет.Бул маселени эске алып мен сиздерди чыныгы патриоттордун бири менен тааныштырып койууну туура кордум.
Болотбек Урматбек уулу Ош областынын Озгон районунун Жалпак- Таш айылында 1993-жылы туулган, 12 жашынан баштап Ош шаарындагы Баяман Эркинбаев атындагы спорт клубдун грек-рим курошу менен иниси менен биргеликте барып келечек чон максаттарды коюп машыга башташат.
Алгачкы тренери Минбаев Сулайман спорттко болгон кадамын алгылыктуу ташташына чон салым кошкон.2012-жылга чейин грек-Рим курошу менен машыгып, 2014-жылдан тарта мма ( эрежесиз эр таймаш) жана грепплинг боюнча машыгып ,кучун сынап келет.Спорттун Грек-Рим курошуно досу себепкер болуп алып барган, ал эми ММА жана грепплинге Москвага келип кызыгып машыгууга бара баштайт. ММА жана грепплинг азыр дуйнодо эн тез онугуп жаткан спорттун туруно киришет.
Кыргыз спортчуларынан Канат Бегалиев , Раатбек Санатбаев, Данияр Кобонов,Руслан Тумонбаев , Данияр Бабакулов Ал эми дуйнолук спортчулардан Мухаммед -Али боксчу, Джон Джонс , Хабиб Нурмагомедов, Федор Емиляненько сыяктуу дуйнону дунгуроткон спортчуларды сыйлап алардан улгу алганы аракет кылат.Алгач Москва шаарын келгенде эл катары иштеп маяна алып «Спорттон кетсемби балким бул менин жолум эместир» деп ойлоно баштайт,ошентип 2 жыл спортсуз жашап корот.Спорттон кетсемби деген себебин спортчу «спорттко алдыга умтулуп чыгуу кыйын,ал учун тынбай машыгып туруу керек,спортто жаракат алуу,женилуу сыяктуу терс жактарын да татыктуу кабыл алуу керек» -деп тушундурот.
Кыядар созсуз орундалат деп Болот алдыга чон максаттарды койгон алар ,профессионалдуу карьера жургузуу ,Кыргызстанга жана Москвага Грепплинг боюнча Академия ачуу , Айкол спорт клубундагы балдарды тажрыйбалуу бойлорго алып чыгуу .
Спортчулар сезимсиз болушат дегеге кандай карайсыз? –деп суроо узатсам
- Жок мен бул нерсени туура эмес деп эсептейм, сезимдуу эле болушат спортсмендер. Бул нерсе ар бир адамдын озуно байланыштуу деп ойлойм, спортсмендер деле жонокой адамдар сыяктуу эле , жакшы коргонду, суйгонду, жылмайганды билишет )) – деп Болотбек жылмайып койду.
Учурда озунун агайы Кубанычбек Осмонбековдун Айкол спорт-клубунда балдарды машыктырат.Аларды жон эле кара куч менен машыктыра бербей ар дайым моралдык жактан да аларды остургону аракет кылат.Мекенди суйууго,ата-энеге адамдарга жакшы мамиле кылууга,ислам динин жакшы карманууга уйротот.
Ал эми патриоттулук деп эмнени тушуносуз деп суроо узатсак томондогудой жооп берди:
- Патриоттуулук бул - ар бир улуттун ,мамлекеттин исламга туура келген каада салтын, урп адатын, ар намысын , эне тилин сактап данктап журуу.
Мына мекендеш «бир кумалак бир карын майды чиритет» де пата-бабаларыбыз таамай айткан экен,бугунку кундо Болот сыяктуу машыгып да,иштеп да Кыргыздын уулу деген атка татыктуу болуп жургон Москвадагы жигиттерибиз да коп.Кудайга шугур уурчубуз кем эмес.Ал эми мен Москвадагы чыныгы патриоттор деп ушундай жолдо бараткан мырзаларды айтмакмын.
Томондогу видеодон Болоттун урушуу ыкмаларын корсонуздор болот.
Commentaires