Иниме кат!!! Бир тууганды жоктоо, эскеруу.
- Жамалбек Ырсалиев
- 18 февр. 2016 г.
- 3 мин. чтения
Иниме кат!!! Эртен сен жарыка келген февраль жанырат. Сен тоспогон туулган кунун келет.. Мендей же элдей болуп суротко да тушпоптурсун...Айырмабыз эки жаш болгон учун эгиз козудай ээрчишип остук. Бир жолу сенин жамбашына сыздоок чыкты. Аксап басып, отура албай аябай кыйналып журдун. Апамдар мени Нарынга жиберди. Сени кошо ээрчитип алдым. Кадимки ырчы тууганыбыз Мергендин атасы Турганбек папабыздын уйуно жаттык. Экобузго чогуу тошок салып берди. Кучакташып жатканбыз. Уктап кетип сен ары оодарылганда мен да уйкунун кызуусу менен так ошол сыздоогунду тээп алыптырмын..Кудайга унун жетип боздодун. Умут мамам келип жамбашында жалжырап аккан ирин аралаш канды тазалады..Сен ыйладын. Мен кечирим сурадым. Бир тууганбыз го кечирчи?! Мен деле уктап калыптырмын...Атайын тепкен жокмун.. Кудай сенин жаранды менин бутумду себепчи кылып айыктырды. Эртен менен куландан соо суйунуп турдун. Экобуз ээрчишип жонодук. Ак-коргондун балдары киши тонойт. Абайлагыга. АКШ деген хулиган балдар бар деди Умут мамам. Ак-коргондун шайкалары деп чечилет экен...Экобузго Ак-коргон эмес Америка кошмо штаты кол салса да коркпойт элек. Себеби мен сага сен мага экобуз Кудайга ишенип осконбуз...Нарындын кочосундо айылдагыдай эле журчуубуз. Базарга барып помидор алдык. Тугото албай калганда помидор менен Базардын дубалын койгуладык. Эки экабат эле базар болчу. Ыргыткан помидорубуз базардын бетине балч-булч деп чачырап жабышканына суйундук...Сен омурун откончо менин созумду эки кылган жоксун. Жада калса мен ал деген кызды алдын. Журогун менен жашаган жоксун. Менин журогум менен жашадын.. Мен иштейсин деген ишти иштей бердин..Акыры менин ордума мен учун олуп бергендей болдун..Себеби мен шаарда сен айылда болчубуз...Сенден ажырап калдык деген кабар келгенде экобуз дубалга чапкан помидордой журогум жанчылды..Мен сени суйгондой сен мени сыйлагандай бир туугандык сезимди ар бир адамга каалайт элем. Менин турмуштагы кемчилигимди коруп озунчо мага акыл айтып калаар элен. Мен болсо сага чонсунуп,сени кагып силкен болумуш этип...бирок,эт журогум элжиреп кетээр эле. Сенин олумун мени аябай чонойтту...уйдун кокурок кучугу сен болгон учун ата энемди байке жене дейт элем. Жанарбек олгондо, Сен олгондо мен кичине баласына айландым. Атам байкуш сени жалгыз жатпасын деп жанына барып жатып алды. Энем болсо сенин 3 кызын менен жалгыз уулун Исламды эш тутуп айылда абышкасы менен сенин мурзонду эртели кеч тиктеп отурат...Сен олгондо курсакта калган туюк кызын бугун тили чыгып тыкчындаган кыз болду...Сен жакшы коргон Рахима кызын созулган кыз болду. Салима болсо кол арага жарап калды. Сен эле жоксун. Калганы баары оз ордунда..Бирок,сени менен кошо менин жанымдын жарымы кошо комулгонсуп журуп акыры мен да тагдырга баш ийдим..сени басып калган итирейген желмогуздай кытай трактору дагы эле тырпылдап журот..Менин эн жаман коргон буюмум. Ошонун тетигин чечип кетпесин деп барып жыгылып басылып калганынды эстейм. Кайсыл жери кандай басты экен деп тиктей берем...Классташтырынды коргон сайын канырыгым тутойт. Арасында баш коз болуп баарын чогултуп алчуу элен..Жетим жетилет дегендей Ислам чон азамат болуп келе жатат. Сенин ордунда эркелеткен чон атасы да жок. Эркектин тарбиясын сенден коргон менин улуу балам Жаныбектин колунда. Жаныбек негедир сага окшош. Сенин жанында журо берип так эле сендей мээнеткеч..Мен болсо баягы эле бойдон журом...Уулдуу болсом атын Жалилбек койом деп озумо озум убада берип келем. Ошол Жалилбек сендей болуп мага бир тууган болуп бере албаса да сенин жолунду жолдоп менин Жалилбек деген атам болгон экен деп аныз кылып айтып жургондой тарбиялайм деп кыялданам.. Тируундо баркынды билбедим бир боорум менин. Мен сыяктуу бир туугандын баркын билбегендер окуса сабак болоор. Жалган дуйнонун кумарынан бир тууганындын бир тал чачы артык болоорун...Бир тууганындан айрылганын бир канатындын сынганы экенин билсе экен деп ойлойм. Мендей болуп комуп койуп,мурзосу менен суротун карап ыйлабай..Бир тууганым деп сыйлап алаар деп жаздым..Менин да сенин да балдарын осуп келе жатат...Баары бар! Бирок сен жоксун алтыным! Мен сага кат жазганда ар бир тамгамда бирден коз жаш тамчылап турду...Ошол коз жаш менен кылынган дуам кабыл болуп,окуган куранымдын сообу тийип, Жараткан сенин куноонду кечирип Бейишинен жай берсин! Сен болсо менин бир тууганым деп кучак жайып мени тосуп ал. Бирок,азыр эмес..Мен качан Кудайдын бейишине даяр болгон кезде.....

Comments