top of page

Кыргыз кыздарынын сулуулук жана стиль эволюциясы? Жасалма сулуулука коз карашыныз?

  • Фото автора: Айым коомдук бирикмеси
    Айым коомдук бирикмеси
  • 17 февр. 2016 г.
  • 2 мин. чтения

Айымдардын табигый сулуулугу кыргызда илгертен ото жогору бааланып келген. Энелерибиз жаштайынан сулуулугуна кам корушуп чачтарын жана беттерине озгочо конул бурушкан. Табигый осумдукторду майларды атайын колдонушкан. Адамдын жеген ичкени ,кийгени таза,адал болсо ал адам сулуу корунот. Дуйнодо эн чон согуштар да аял талашып сулуулук учун далай эрлер далай баатырлар жан берген. Кыргызда да сулуу кыздар жонундо дастандар ,жомоктор айтылып,ырлар ырдалып келген. "Кыздын кырк чачы улуу" деп кызга сый мамиле корсотуп ошол эле учурда турмушка чыга элек кыздын кырк чач оруму болоор экенин баса белгилеп кетип жатат. Мурунку учурда табигый сулуулук адамдын ички дуйносу журум турум болгон.Ал эми азырчы учурда ар бир кадамыбызда сулуулуктун мин туркун кызматын корсотуучу атайын жайлар бар. Ал жактарга чектоо жок 10 жаштагы секелектен баштап 80 жашка чейинки апаларыбыз да кирип озуно керектуу кызматты коруп кетишет.7-класттын окуучу кыздары кирпик улатышып,колдоруно тустуу лактарды коюп журушу азыр эч кимди тан калтырбай калды. Бул эмнеге алып барат ? Колдо телефон турдуу соц.тармактарга баш багып жаштарыбыз кайда кетип бара жатабыз? Бул эмнеден ата-энеденби ? же мугалимденби? Эмне учун учурда кыздар жасалма сулуулука коп басым жасашат,эсиниздерде болсо мындан 4-5 жыл мурда узун кирпиктуу кыздарды жарнама кылган тустуу мультфилимдер чыккан. Илимий иликтоолорго таянсак оспурум кандай мультфилим,кандай тасма корсо же оногон оюнчугуна карап озгоруп калыптанып калат.


Жасалма сулуулукту пропаганда кылып,ар бир кадамыбызда коргон "жасалма сулуулар жана пластикалык операция жасаткан атактуулар" жаш оспурумдорго кандай таасир тийгизип жатат?

Баш аягы жок сулуулук конкурстардын Кыргызстанга кереги барбы ? Ал конкурстарды кимдер уюштуруп кимдер пайда коруп жатышат?


Албетте булар сизди да ойлондурса керек. Буларды токтотууга болбойт,бирок азыртан баштап жаш кыздарынызга кам коруп табигый сулуулукту корсотуп сулуулук бир гана бетте эмес экенин тушундуруу ата-эненин ,улуулардын милдети. Жаслма сулуулук бул ден соолука дагы руханий дуйного дагы зыян ошондой эле бизди жараткан Алланын алдында да чон куноо. Адам дене-мучосун,келбетин,туулган жерин,улутун озу тандабайт! Ошондуктан бул нерселерге нааразы болуу жараткандын чечимине каршы чыгуу менен барабар.Ар бир адам озунчо башкача озунчо сулуу,Аллах ар бир адамды кайталангыс кылып жараткан.Жасалма болуп кимдир бироого окшоонун кажет жок.


Эми сизге суроо жасалма сулуулука кандай карайсыз?


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page