top of page

ИСХАК РАЗЗАКОВ-КИМ БОЛГОН?

  • Фото автора: Айым коомдук бирикмеси
    Айым коомдук бирикмеси
  • 17 февр. 2016 г.
  • 1 мин. чтения

Атасы Берк уулу Раззак, энеси Сайып кызы Жамыйла Лейлек районундагы Коросон кыштагында туулган(кызылаяк уруусу). Алар баш кошкон соң, 1910-жылы күзгө жуук тосурайган бакыраң көз уулдуу болушат. Үч жашында ал энесинен, сегиз жашында атасынан айрылып, тоголок жетим калат. Коженттеги балдар үйүндө, кийин Ташкендеги интернатта тарбияланат. Азандагы Исак деген аты Исхак, туулган күнү 25-октябрь делип жазылып калат. 1938-жылы Москвадагы пландоо институтун бүтүрүп, Ташкенге келет. 29 жашында Өзбекстан мампланынын председателинин орунбасары, председатели, 31 жашында Эл Комиссарлар Советинин Председателинин орунбасары, ошону менен кошо Агартуу эл комиссары да, 34 жашында Өзбекстан КП (б) БКнын пропаганда боюнча катчысы болот.



 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page