Памирлик кыргыздар Чон-Алайга кочуп келет экен
- Айым коомдук бирикмеси
- 16 февр. 2016 г.
- 1 мин. чтения
Жердеги периште сымал наристе...Коздорунон чыныгы жашоого суйуу, аруулук, байоолук корунуп турат."Памирлик кыргыздар Чон-Алайга кочуп келет экен ", деген такталбаган маалыматты угуп аябай суйунуп, кадимкидей бир туугандык сезим пайда болуп, буулугуп козумо жаш келди... Айтсам арман коп, кокурок бук... Ал замандар отуп кетти... Бул демилгени 5-6 ай мурун баштап элге кайрылгам, улууларга кайрылгам, бир туугандарды алып келуу блюнча...Бирок мени "жаш , келжиреп калган, аларды каягына алып келесин" дешип, ошол убакта эч ким конул бурбады эле...Азыркы демилгечилерге Алла раазы болсун! Ылайым аман-эсен оз ата-мекенинерге кайрылып келгиле! Силер да биздикиндей жашоого татыктуусунар! Кыргызстан озунордун мекенинер! Бир убакта душмандын "ажаал кылычынан" жан соогалап кытайга , ооганга , туркияга , памирге аргасыздан дербиш болуп , азап тартып кеттинер эле.Биз силерге карызбыз, бизди кечиргиле? Биздей таш боор, байлык-бийликтен башканы ойлобогон оз жанын гана ойлогон эссиз бир тууганынарды кечирип ,кайрылып келгиле... Биз эркин элбиз, Ала-Тоонун кен койнунда эркин куштай учкула! Мен силерди жакшы кором бир туугандарым! Мен силерди сагындым, мен силерди кутом! Бир кун соз берем, албетте силерге барам...

Comments