top of page

Атама кат!!!

  • Жамалбек Ырсалиев
  • 16 февр. 2016 г.
  • 4 мин. чтения

Атама кат!!! АССАЛОООМ АЛЕЙКУМ АТАКЕ! 1905-жылдан 1992-жылга чейин бул жалганда омур сурдунуз!...Баба Суйунбайдын 16 баласы болгон экен. 1910-жылы кара тумоо деген оору каптап Бабам баштап балдыры олуп..1916-жылы Уркун болуп калганы олуп...Атылбай калган аркардай атам Ырысаалы менен Упаян деген эжем калган экен. Анан Кожобек деген бир тууганынан Ашым. Молдобек деген бир тууганынан Турдакун деген эки бала калыптыр...Ата эмнеге Кытайга уркуп качтынар эле? Орустар суйлошсонор болбойт беле? Акылындан айланайын аай алар бизди ай-буйга келтирбей атпаса эле урко бергидей мал белек?...Суроо сопкуту жок эле тарсылдатып кыра баштаганда качканбыз балам..Бирок, эч кимге айтпа. Кулака тартылып кетесин..Кулактан тартып суйроп кетет гоо деп ойлочуумун..кийин билдим ГУЛАГ..дегени экен..Ажалы жетпегени ашуу ашып Кытайга барып,корбогон кордукту корушуп.Ачкадан далайы кырылып..ун талканга уул кызын алмашып...Алмашкандар да эркек балдарды эмес кыздарды алышып..далай кыргыз Кытайда калышып..аман калганы кайра артка кайтып Мекенибизге келгенин айтып аяабаай буркурап ыйлаар эле..Аягында чындап ыйласа сокур коздон жаш чыгат деген ушу деп, опколоп барып басылып анан насвайын ээгине кочуштап салып жибереээр эле. Эптеп септеп кайра келишсе орус небак ээлеп ..колхоздоштуруу деп болгон малдарын тартып алганын..Анан Кыргыздын оруска отконун тушунгон сон арга жок..Партиялык мектепке барганын айтаар эле. 1932-жылы Фрунзедеги партиялык мектепти бутуруп партиянын камчысын чаба баштайт. 1937-жылы репрессия деген балээ чыкканда ар кимге арачы тушуп кат таанып тилмеч болуп далайларды атуудан алып калып, ошол эле учурда Чунгул байкемди алып калганга улгурбой калганынма канырыгым тутойт. Баатырымдын туугандар корбогон жалын душмандар корду гооо? Жонунда кулундукундай жалы бар эле да Кок жалым ааай..деп ыйлап алаар эле. 1941-жылы Улуу ата-мекендик согуш башталганда селолук советтин секратары болуп, Нарындан Кочкорго ат менен каттап согушка элди жонотконун..Тукуму уланбай калбасын деп уругунда жалгыз калгандарды эптеп шылтоо таап кагазын тууралап..Жумушчу же тылдагы аялдарга кошуп алып калганын...Ошол эле мезгилде Ашым менен Турдакун атамды Эл эмне дейт?-деп согушка айдап жибергенин...Кийин экоонун бирин алып калсам эмне,соксойуп жалгыз отурбайт элем-деп кайгырып ыйлаганынызды коп кордум. Сталинди жакшы корчуу элениз. Ат соко менен откоруп алып атом менен откоруп берди..Орустун эмне арманы бар. Стакеме акаарат келтирген куну акмак болушат деп койоор элениз. Кышы жайы ат менен жургондо суук тийип козунуздун сокур болуп калганын мага айтып берээр элениз. Анан мени Карегим деп эркелетип. Сизди жетелеп алып Абыдархман,Абылаалы,Мамбетжан аталардын уйуно алып бараар элем. Чай устундо сакалдарын жайкалткан абышкалар тарых менен санжыраны суйлошуп отураар элениздер. Оздору тын баскан Бакай,Кыдырма,Чормок,Калык аталар биздикине келишээр эле...Быйыл Тарых менен маданияттын жылы деген президенттин указы чыкты. Бирок, тарых да маданият жана ыйман сиздер менен кеткендей сезиле берет. Эмнеге? Биринчиден сиздерге окшогон жайкалган сакалы бар абышкалар жокко эсе..Экинчиден тебетей калпак кийишпейт. Сиздердей чогулуп тарых менен санжыра суйлошкондун ордуна, саясат менен карта ойношот... Маданиятынын,ыйманынын денгээлин айта албайм. Себеби,мен озумду тарбиялай албай журом...Сизди тун ортосунда келип чанага суйроп барып жашырынып нике кыйдыргандарын эстейм..так ошондой заман келе жаткандай..Ээн баш аялдар биринчи Нике куболугун алмайын нике кыйган молдолор соттолсун деген мыйзам жазышты...Сиздин нике кыйганынызды бакан ооздор жеткирип барып..жалгыз уулунузду партиядан чыгарам дегенде ушунча эмгегим талаага кетеби?-деп ыйламсырап келгенин эстейм. Сиз болсо атандын гана гору ааай...Кыргыздын душманы кыргыз эле болуп келе жатабыз..Ушак менен коралбастыгыбыз качан калаар экен деп...насвайдан кучунузду чыгарып отуруп калаар элениз. Молдо Ырысаалы дегенде ороон тааныйт эле. Сиздин арканыз менен мени сыйлашаар эле..Мени молдонун баласы атана ала барчы деп Шаймерден деген дукончу ата нават же чай болбосо момпосуй тартып берээр эле..Айылдын ортосундагы таш дуконго сабактан чыкканда бир кайрылып кеткенге конуп алгам..Почточунун атындай эле эркиме койбой эки бутум жетелеп кетээр эле. Озу чакырбаса кирбе-деп акырын суйлоп мойнумдан жыттап алаар элениз..Дем салдырганы тиши,ичи ооругандын баары келишээр эле. Бир жолу уйунду тазалачы байбиче алыстан конок келе жатат дединиз...мени адаттагыдай сууга жонотту..сууга баратып ойлоп койом козу корбосо анан конок келе жатканын кайдан билет. Же калп эле кормоксон болуп отура береби?...Суу которуп уйго жетейин деп калганымда тоо жетелеген уч атчан кишилер келишти. Тоосун чогоруп устунон,сулк эле жыгылган оозу кыйшайып жаткан адамдын олугун тушуруп жатышат..Шалактап колу буттары кыймылга келбейт..которуп уйго киргизишти...Тоосун жетелеп бироо кайра кетти. Осмон деген Кочкорлук киши экен. Жайлоого келип ошол жерден эсинен танып жыгылыптыр. Анан атам Куран окуп дем сала баштады.уч кундо бети тузолуп, ордунан туруп эшике жетелетип кирип чыгып калды..бир жолу атам мени кошо киргизип Осмондун мандайына отургузду. Мага уйроткон кыска суроолоду козунду жумуп алыпокуй бер. Козунду ачпа. Кайталап эле окуп отура бер дединиз...Мага болсо козунду бекем жум,ачпа деген жери кызык сезилди..Козумду жумуп окуп баштагам..Бир убакта акырын ачып карагым келди..козумду акырыын ачып карасам жерден жарым метрдей которулуп Осмон ата экобузду айланып отуп баратыптырсыз. Журогум тушуп калды..тилим булдуруктап...Алда балам ааай ээ,козунду ачпа дедим эле гоо? Осмонго кошуп мага дем сала баштадыныз...Эки жолу дем салдыныз. Ойноп кеттим..Осмон ата болсо бир жумадан кийин куландан соо атына минип жайлоого кетти. Жыл сайын жайында козу менен кымыз келээр эле. Осмон ата берип жиберчуу..Азыр балдарыма эмес элге жомок сезилет..Бир жолу мектептен Темирбек агай ээй молдонун баласы Кудайга ишенесинби деди? Токтолбостон Ооба- дедим. Алып кел кундолугунду 2 деп чоон баа койду да Кудайына айт мени эки койуп салды деп...Уйго ыйлап келдим. Ээй балам..эмнеге ыйлайсын Дин узулбойт,сузулот...Эмкиде сураса ишенбей калдым деп кой..бирок,ичинден Кудай озун кечир деп кайра кайра кайтала...Кийинки сабакта кайра сурады.. эй молдону баласы Кудайга ишенесинби? Жок..алып кел кундолугунду..Кудай озун кечир..ичимден коооп ирээт кайталадым ...5 деген бааны койуп берди. Сабактан келээрим менен атама айта албай бушайман болдум...Уулум Кок коз бугун сураган жокпу?...сурады...Жок десем 5 койуп берди..Кудай озун кечир-деп кооп жолу кайталадым...Эй уулум бир заман келет. Ушул Кудайсыздар биринчи Намазга барышат дединиз...Ошол заман келди. Сиздин мени так ушул суроттогудой чыпанынызды чечип,жай намаз кылып..мени биринчи жолу намазга жыгып...ыйлап дуа кылып..болду балам мен оз парзымды аткардым..Калганы Кудайдан. Так,ошол соз мээме кыттай куйулган...Сиздердей чалдар кайраттуу эмес. Негедир абышкалар жоктой сезилет. Сексенге чыкканы деле алтымышка чыкканы деле жалжактап жаш баладай..Аттин, мен сиздин элесинизди сагындым...Тарых,маданият жана ыйман сиздер менен жаткандай. Биз болсо азыр сиздердин жолунуздардан адашып башка жолго тушуп алгандай сезилет. 1992-жылы сиз олоордун алдында бир китепти озунуз менен кошо комдурбодунуз беле? Мага айткан аманатыныз..Даарат алып тазаланып,анан киндигинен ойдо которуп барып менин тошумо койгула. Менден кийин тукумумда окуй турган бироо чыкса китеп кайра кайтып келет.. болбосо мени менен кошо жатат деген элениз...Кудай мага ошол китепти кайра бере турган болсо мен баардык кызыкчылыктан баш тартып, сиздин жолго тушоор белем..Сырдуу китеп..Айылдагылар эмес,которуп барган мага жомоктой сезилет..Мына,тарых..мына маданият..биз аталарыбыздын жолуна тушпосок..адашканыбыз адашкан!..Элибизге ыйман берсин! Жакшылык тилейм!..Атаке,сиздин жолду сиздин сырдуу китепти куткон сиздин карегиниз...Сиз сыяктуу козу сокур болбогон менен коодону, кокурогу сокур уулунуздан салам!....Мен да сиздер барган жайга барам..бирок,азыркыдай денгээлде баргым келбейт! Кудай мени бейишке татыктуу кылып анан жанымды алса экен деп тилеп журом Атаке!...


 
 
 

Comments


Избранные посты
Недавние посты
Архив
Поиск по тегам
bottom of page